Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 241 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 119 адам каза болсо, 7 миң 235 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 686 (айыккандар 1353);
Свердлов облусунда - 180 (айыккандар 90);
Москва облусунда - 158 (айыккандар 194);
Санкт-Петербург шаарында - 157 адам (айыккандар 93) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 877 миң 135 адамдан коронавирус аныкталды. 14 миң 725 адам каза болсо, 683 миң 592 бейтап айыгып чыкты.