Тажикстанда бир суткада 41 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавирус жуктуруп алгандарды жалпы саны 7 миң 706ны түзөт. Анын 6 миң 484ү бүгүнкү күндө айыгып чыккан. Ал эми каза болгондордун жалпы саны 62 бойдон өзгөргөн жок.
Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктуруп алган адамдардын саны 19 миллион 296 миң 761ге жетти.