Бүгүн, 8-августтан 9-августка караган түнү Европадагы беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы акыркы жооптук оюндары өтөт. Оюндар 9-августка караган түнү саат 01:00дө башталат.
Оюндардын тизмеси:
"Барселона" (Испания) - "Наполи" (Италия), "Камп Ноу" стадиону (Барселона шаары, Испания).
Башкы калыс: Жюнейт Чакыр (Түркия).
Бул эки команданын алгачкы оюну 25-февралда Неаполь шаарындагы "Сан-Паоло" стадионунда болуп, (1:1) эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.
"Бавария" (Германия) - "Челси" (Англия), "Альянц Арена" стадиону (Мюнхен шаары, Германия).
Башкы калыс: Овидиу Хацеган (Румыния).
Бул эки команданын алгачкы оюну 25-февралда Лондон шаарындагы "Стэмфорд Бридж" стадионунда болуп, (3:0) эсебинде германиялык клубдун жеңиши менен аяктаган.
Коронавирус пандемиясынан улам оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт.