Ысык-Көл районунун акими кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды

Бүгүн, 10-августта Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев кызматтан кетүү арызын жазды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына билдирүү жарыялады.

"Мен бүгүн өз каалоом менен Ысык-Көл районунун администрациясынын башчысы кызматынан кетүүнү чечтим. Жергиликтүү кеңештин тандоосу менен мындан төрт жыл мурда ушул кызматка келген элем. Төрт жыл аралыгында колумдан келишинче элге кызмат кылууга аракет кылдым. Башка өлкөлөрдүн катарында мекенибизди каптаган коронавирус менен күрөшүү оңойго турган жок. Бир тарабынан жергиликтүү тургундардын ден соолугу, экинчи жагынан эс алуучулардын саламаттыгынын жоопкерчилиги турду.

Тилекке каршы районубузда да жоготуулар болду. Бирок ошого карабай медкызматкерлердин, шаар, айыл жаштарынын, ыктыярчылардын, колдоочулардын күжүрмөн эмгеги менен абалды турукташтырууга жетиштик. Ушул төрт жылда өлкө жетекчилигинин жана өкмөттүн колдоосу, тапшырмасы менен көптөгөн жакшы иштер жасалды. Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө акимдин орун басары катары, калган экөөнү аким катары ийгиликтүү өтүшүнө мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче далалат көрдүм жана эмгегибиз акталып аталган иш-чаралар жакшы өттү. Элибизде тынчтык болсун! Калкыбыздын саламаттыгы бекем, жашоосу бакубат болуп, ар бир үйдө баланын күлкүсү жаңырып турсун", - деп жазган Иманалиев.

10:08:2020. Соңку маанилүү кабарлар топтому
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан