22-сентябрда Бишкек шаарында "Бейпил өтмөк" фестивалы өтөт. Буга байланыштуу Киев көчөсүнүн Манас проспектинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы токтотулат. Иш-чара Киев көчүсүнүн Исанов көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгүндө өткөрүлөт. Максаты - жөө адамдардын укуктарын колдоо жана бүткүл Кыргызстандагы шаарлардын көчөлөрүндөгү коопсуз кыймылды алдыга жылдыруу. Мындан тышкары көчө фестивалынын уюштуруучулары экология маселелерин жана шаардын тазалыгын сактоо маселелерин көтөрөт.
Фестивалдын бүткүл аянты ар кандай иш-чаралар өтүүчү 5 интерактивдик аянтчага бөлүнөт:
Роллерлер аянты:
Бул кварталдын аянтында кимдин дөңгөлөктүү каражаттары: роликтери, скейттери, самокаттары, велосипеддери жана балдардын коляскалары болсо, көңүл ачып, активдүү эс алышат.
Искусство аянты:
Бул жерге сүрөтчүлөр өздөрүнүн эмгектерин коюшса болот. Граффити стилинде сүрөт тартып, ошондой эле чоңдор жана балдар боёктор менен сүрөттөрдү тартыша алат. Бул жерде оригами искусствосу боюнча практика алууга же үйрөнүүгө шарттар түзүлөт. Мындан тышкары жабыштырып жасоо жана аппликация менен иштөөнү жакшы көргөндөр үчүн атайын столдор коюлат. Боди-арт боюнча адистер каалоочулардын беттерине зебра же иш-чаранын логотибин тартып беришет.
Музыка жана бий аянты:
Бул жерде бий сүйүүчүлөр чогулушат. Азыркы учурда 40тан ашык вокалдык жана бий топтору, 20дан ашык таланттуу аткаруучулар катталган. Алар өздөрүнүн билгендерин көрсөтүп жана иш-чаранын катышуучуларын бийге чакырмакчы. Мелдештин форматында дэнс-баттлдар өткөрүлөт. Ошондой эле музыканттар ар кандай багыттар боюнча жандуу үн менен музыкалык концерттерди уюштурушса болот.
Жолдо жүрүүнүн жаш инспекторлор аянты:
Бул кварталдын аянтында уюштуруучулар имараттары, жолдору, транспорт жана бак-дарактары бар кичи шаарча уюштурушат. Жаш меймандардын катышуусунда театрлардын актёрлору жана жаш инспекторлору оюн формасында меймандарга жолдо жүрүүнүн тартибин сактоого, шаардын көчөлөрүнөн жөө жүрүүчү жана айдоочу катары өтүүнүн тартибин үйрөтүшөт.
Жаш изилдөөчүлөр аянты:
Илим, техника, экология. Бишкекте өздөрүнүн экспозицияларын көрсөтүүгө, жөө жүрүүчүлөр менен оюндарды уюштурууга, робот техникасын, адамдын дене түзүлүшүн, таштандыларды кайра иштеп чыгуу технологиясын, экологиялык ыкмаларды, экологиялык туризм боюнча көрсөтүүгө даяр 10го жакын уюмдар бар.
Уюштуруучулар бардык каалоочуларды акцияга активдүү катышууга жана жөө жүрүүчүлөрдүн жана айдоочулардын укуктарын, жолдо жүрүү коопсуздугунун тартиптерин жана көчөлөрдүн тазалыгын коргоо үчүн активдүү күрөшүүчү болууга чакырат. Белгилей кетсек, "Бейпил өтмөк" фестивалы Бишкек шаарында 2012-жылы биринчи жолу Эл аралык япон агенттиги (JICA) жана JICAнын изилдөө тобу менен биргеликте өткөрүлгөн. Фестивалга 15 миңдей шаардын жашоочулары жана коноктору келишкен эле. Иш-чара абдан ийгиликтүү өткөндүктөн, жыл сайын өткөрүү чечими кабыл алынган.