Коңшу Кытайдын президенти Си Цзиньпин жергиликтүү калкты тамак-ашты үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүнүн сайтына жарыяланган.
"Тамак-аш калдыктарынын көрүнүшү үрөй учурарлык жана өкүнүчтүү. Кытайда дан эгинин өндүрүү жылдан жылга өсүп жаткандыгына карабастан, азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы тобокелчиликтерди ар дайым эске алуу керек", - деген Цзиньпин.
Ал мамлекет бул багытта иштерди жүргүзө тургандыгын белгиледи. Анын айтымында, мындай ыкмалар пандемия учурунда эң актуалдуу болуп калган азык-түлүк коопсуздугун азайтууга жардам берет.
Коронавирус инфекциясынын очогу болгон Кытайда 1 жарым миллиардга чукул адам жашайт.