15-сентябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоунун” Бишкек шаарынын Мэринин Кубогуна арналган оюндары болуп өттү. Оюндар Бишкек шаарынын 135 жылдыгына карата уюштурулуп, байге фонду 200 миң сомду түздү. “Тамадалар”, “Ак-Өргө Сити курама командасы” (команда курамында "KG 77" командасынын оюнчулары да болушту), “Моника Беллуччи”, “Тамашоу" жаштар курама командасы, “Ак кеме” командалары ат салышты. Ал эми “No name” командасынын курамы толук эмес болгондуктан, оюнга конок катары гана катышты. Оюн жогорку деңгээлде өтүп, 1-орунду “Ак-Өргө Сити курама командасы” жеңип, 100 миң сом жана мэрдин кубогуна ээ болду. Ал эми “Моника Беллуччи” командасы 2-орун, “Тамадалар” 3-орун, “Ак кеме” 4-орун жана “Тамашоу" жаштар курама командасы 5-орунду алышты.