Бул жолу редакцияга кызынын операциясына көп суммадагы акча керектелип жаткан эне кайрылды. Кызымдын чиедей эки кызы бар деген Венера Токтосунова кайрымдуу элден жардам сурайт.
"Кызым Эркинай Бекенова 27 жашта. Эки кыздын энеси. Мектепти жана Кыргыз улуттук юридикалык академиясын кызыл диплом менен аяктаган" деп сөз баштады Венера Токтосунова.
"Мындан 3 жыл мурун Эркинай башы ооруп, мээсине кан тамып, дарыланып айыккан. Быйыл кайра ошол оорусу кармап, 40 күндөн бери ооруканадабыз. Кызым эч кимди тааныбай, эс-учун жоготуп жатат. Эми кызыма аневризм деген диагноз коюп жатышат. Бул оору баштагы кан тамырлардын арасында тоголок шишиктин пайда болушу. Ал операция жолу менен жок кылынат экен. Мындан 5 күн мурун кызыма биринчи операция жасалды. Эми экинчисин эки айдан кийин Казакстандан жасатышыбыз керек. Ага 20 миң доллар керектелет экен. Биздин үй-бүлөдө андай акча жок болгондугуна байланыштуу кайрымдуу элден жардам сурайм.
Үч кыздын энесимин. Кичүү кызым боюмда бар кезде жолдошум каза болуп калган. Кыздарымды өзүм багып чоңойттум. Оорубай эле жакшы жүрүшчү, эмне болуп кеткенин билбей калдым", - дейт Токтосунова.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн Элсом-0702 53 32 90.