Түркиялык авиакомпаниялар учакта жүк алып жүрүүнүн эрежесин өзгөрттү

Түркиянын авиакомпаниялары колго көтөргөн жүктү жүргүнчүнүн жанына алып алуусуна тыюу салды. Аталган эреженин негизги максаты жүргүнчүлөрдү отургузуу процессин тездетип, коронавирус инфекциясынын таралышын алдын алуу болуп саналарын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Эрежеге ылайык, эми учактын салонуна аялдардын, балдардын баштыгын, портфелин, ноутбук, зер буюмдарын жана сувенирлерин гана ала кирүүгө болот.

Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр мурда салонго ала кирип жүргөн башка баштыктарын жүк катары тапшырышы керек. Салмагы сегиз килограммга чейинки жүккө акы төлөнбөйт. Ал эми жанына ала жүргөн баштыктын салмагы төрт килограммдан ашпоосу зарыл.

Эске салсак, өткөн жумадан тарта Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы туруктуу аба каттамдары жанданган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан