Кыргыз өлкөсүнүн мыкты балбан кыздарынын бири Айсулуу Тыныбекова спорттогу карьерасы аяктаганга чейин саясатка аралашпай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Тыныбекова өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.
"Урматтуу менин күйөрмандарым! Учурда жашообуз өз нугуна түшүп бара жаткандай. Мындан ары өлкөбүздө кыйын кырдаал болбошун Кудайдан тилейм.
Күзүндө Кыргыз өлкөсүндө парламенттик шайлоо өткөнү турат. Буга байланыштуу өз ниетимди билдирип койгум келди. Мен спорттук карьерам аяктаганга чейин саясатка аттанбайм жана аралашпайм! Себеби саясат спортчунун алдына койгон максатына жетүүгө тоскоол болушу мүмкүн. Учурда 2021-жылы боло турган олимпиада оюндарына өз машыгуумду баштадым. Бул оюнда чоң ийгилик жаратуум керек. Ал үчүн тынымсыз эмгектенип жатам.
Менин убактым саясатка эмес, машыгууга араң жетүүдө. Мага Кыргыз өлкөсүнүн желегин дүйнө жүзүнө желбиретүү өтө маанилүү. Жүрөгүмдө дайыма мекендештерим жана күйөрмандарым! Баарыңыздарга ден соолук каалайм", - деп жазган спортчу.
Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынган.