Бишкек-Ош унаа жолунда бензовоз айдоочусу менен кошо күйүп кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 12-августта саат 07:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 209-чакырымында болгон.
"Маркумдун туугандарынын айтымында бензовоздун айдоочусунун жүрөк оорусу кармап, унаа башкаруудан чыгып, сууга кулаган. Мындан улам өрт чыгып, тилекке каршы айдоочу кошо күйгөн. Ал эми ошондой эле окуя саат 12:00 чамасында Бишкек-Ош жолунун 239-чакырымында дагы болгон. Тактап айтканда бензовоздун прицепинин балону жарылып кетип, аны алмаштырайын дегенде өрт чыккан. Мындан улам айдоочу прицепти үзүп, бензовозду 300 метрдей алыс айдап барып токтоткон. Бактыга жараша айдоочу жабыркаган эмес", - деди аталган бөлүмдөн.