Казакстанда карантиндик чектөөлөр акырындык менен алына баштайт

Казакстан бийлиги 17-августтан тарта коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантиндик чектөөлөрдү бир нече баскыч менен ала баштайт. Бул тууралуу расмий маалыматтарга таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

"Мамлекеттик комиссия региондогу акимдердин, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана башка ведомстволордун сунушун карап чыгып, карантиндик чектөөлөрдү акырындык менен алып баштады", - деп жазылган расмий маалыматта.

Мындан сырткары 17-августтан тарта Казакстанда соода борборлору, базарлар, SPA-борборлору, сулуулук салондору, чач-тарачтар, окутуу борборлору (бирок тайпада 5 адамдан ашпашы керек), ачык асман алдындагы аттракциондор ишин жандантат.

Буга чейин аталган өлкө 17-августан баштап аба каттамдарын калыбына келтирери тууралуу маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан