Рио-де-Жанейродогу Иса пайгамбардын айкелине медициналык халат кийгизилди

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы белгилүү Корковаду тоосунун үстүндө жайгашкан Иса пайгамбардын айкелине медициналык халат кийгизилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Иса пайгамбардын айкелине убактылуу дарыгердин кийимин кийгизүү демилгеси дүйнө элинин ак халатчандарын колдоо иретинде жасалганы айтылат.

"Акциянын уюштуруучулары айкелдин астына 9 тилде: португалча, англисче, немисче, испанча, кытай тилинде, французча, италиянча, арабча жана орусча "рахмат" деген сөздү жазып ыраазычылык билдиришкен. Ошондой эле айкелге берилген жарык COVID-19 илдетинен көп жабыркаган өлкөлөрдүн желегинин түстөрүндө берилген. Аларга АКШ, Испания, Италия, Кытай жана Бразилия өлкөлөрү кирген", - деп айтылат маалыматта.

Бразилиядагы Иса пайгамбардын айкели дүйнөнүн жети кереметинин бири. Анын бийиктиги 38 метр, салмагы 635 тоннаны түзөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nurgaz
2020-04-14 18:11:07
Каапырлардын кылбаганы жок
0
Kairat1996
2020-04-14 18:36:33
Християндар бул ото акылдуу жана билимдуу болушат. биздегилерге окшоп ашкере диний фанаттар жок. Ар дайым билимге гана таянып иш кылышат. Ошондуктан алда канча алдыга онугуп кетишкен. Динге ашыкча берилүүдөн алыс бололук. Пайда жок
-3
Omar.
2020-04-14 18:47:11
Kairat1996, сен ошондо християнсыңбы?
+2
batleybesh
2020-04-14 22:53:04
Kairat1996,сен неге акыл эсин осуп кетпеди анда ошолорго окшоп,
+3
Chungyz
2020-04-14 19:05:50
Койгула эми капыр мусулман деп болунбойлу баарыбызды бир эле жаратуучу жараткан
+3
Mirlan27011987
2020-04-14 19:15:51
Бизде эскиче көз карашты карманган динчилдер толуп кетти. Ашкере диний фанатизимди эч колдобойм.
-3
murat17
2020-04-14 19:27:16
Mirlan27011987,фанат болгудай футбол же хоккей беле
0
Omar.
2020-04-14 21:25:13
Mirlan27011987, жаңы дин кандай экен айтса кетсең?
+1
admin_portal
2020-04-15 12:36:00
Jeltelmen.99, коомдук адепти сактабагандыгы үчүн БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан