АКШда коронавирустан акыркы бир сутка ичинде 2 миң 108 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Бул көрсөткүч коронавирустан сутка ичинде каза болгондордун саны боюнча жаңы рекорд болуп саналат. Сутка ичинде эң көп каза болгон рекорд 9-апрелде ушул эле өлкөдө катталган. Анда 1 миң 973 адам бул инфекциядан каза болгон.
Акыркы маалыматтар боюнча бул өлкөдө 501 миң 301 адам коронавирус жуктуруп алды. 18 миң 758 адам каза болсо, 29 миң 77 адам айыгып чыкты.