Кечээ, 13-августта интернетте унаанын алдында жаткан кишини бетке башка тепкилеп жаткан кишинин видеосу тараган. Аталган жаран кечээ кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 13-августтунда болжол менен саат 18:40 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматы аркылуу "Кайыңды жаңы конушунда белгисиз жаран уруп-сабап жатат" деген маалымат келип түшкөн. Окуяны тактаганда 1970-жылы туулган Т.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда болжол менен саат 18:30 чамасында арыз ээсинин инисин эч себепсиз уруп-сабап денесине зыян келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен.
"Милициянын кайгуул кызматкерлеринин издөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1986-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалып, Свердлов райондук ИИБинин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 139-берененин ("ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп айтылат маалыматта.