БШК партияларга квоталардын сакталышы керектигин эскертти

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчиси Нуржан Шайлдабекова коомдук диалог аянтчасында жаштар аларга кайрылып, өздөрүн партиялардын активдүү катарында эмес аларды курал катары колдонуп жаткандары боюнча айтып нааразычылык менен кайрылып жатканын билдирди.

Ошондой эле БШК жетекчиси жаштар жана гендердик квота жөнүндө эскертип, норманын так эместигин белгилеп, анда эркек кишинин ордуна кийинки тизмедеги эркек адамдын келиши милдеттүү деп белгиледи. "Бул мыйзамда каралган 30 пайыздык гендердик катышка туура келбейт. Ал эми бул кемчиликти жетинчи чакырылыштын депутаттары чечет деп үмүттөнөм", - деп билдирди Нуржан Шайлдабекова.

Ал кошумчалагандай, партиялардын тизмеси милдеттүү түрдө квотаны сактоо менен түзүлүп, партиянын программалары менен БШКнын сайтында жарыяланууга тийиш.

Ал эми үгүт иштери болсо 4-сентябрда башталат. 20-августка чейин саясий уюмдар курултай өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүшү керек. "Пандемияга байланыштуу конгресстерге делегаттардын санын кыскартууну сунуштайбыз. Бирок мен дагы кайталайм, бул тараптардын жеке иши", - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек бардык партиянын документтери 24-августтан кечиктирилбестен БШКга тапшырылышы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан