Физиологдор келемиштердин мээсинде кытыгыга күлкү менен жооп бере турган бөлүкчөлөр бар экенин аныкташкан. Мындай жыйынтыкка Берлиндеги Гумбольд атындагы университетинин адистери келишкен.
Алардын изилдөөсүндө келемиштердин курсагынан жана тамагынан кытыгылаганда алар күлгөн үн чыгарышкан. Албетте, бул ультраүндү адамдар уга алышпайт. Келемиштердин күлгөнүн атайын жабдыктардын жардамында угушкан. Физиологдор негизи адамдар эмне үчүн өздөрүн-өздөрү кытыгылап күлө алышпайт деген суроонун үстүнөн иштеп жатышкан. Анын алкагында келемиштерге изилдөө жүргүзүлгөн.
Изилдөөгө жаш, көп ойногон, ойногонду жакшы көргөн келемиштер алынган. Алар секирип, жашынып качып ойногондо да күлгөн ультраүндөрү чыгары белгилүү болгон.