Эгер 21 күн бою бир нерсени кайталасаңыз ал адатка айланат. Бул тууралуу илимий жактан далилденгенин бир канча маалымат булактары жазып чыгышкан.
Көпчүлүк жерде бир ишти баштаганда 21 күн гана чыдаса андан ары жеңил болуп калары жазылган. Жаңы адат ар кандай болушу мүмкүн. Жаңы диета, күнүмдүк режимди сактоо, машыгууга баруу, бир нерсени пландаштыруу, алдыдагы иш-чаралар жөнүндө стратегиялык ойлонуу же эртең менен чуркоо жана башкалар болушу ыктымал.