Дүйнөдөгү көз карандысыз эң кичинекей мамлекет - Ватикан. Анын аянты 0,44 чакырым квадрат. Ватикандын жарымын бакчалар ээлейт. Ал жердеги жашоочулардын саны 825 адам (2019-жыл). Ватикандагы жашоочулар италия жана латын тилинде сүйлөшөт. Президенти Жузеппе Бертелло.
Ватикан 1929-жылы Латеран келишимине ылайык, көз карандысыздыкка жетишкен. Бул штаттарда ошондой эле өз почта маркалары, транспорт жана жеке документтери бар. Анын жеке кызыл аянты, желеги жана гимни бар.
Бул шаар тибиндеги мамлекет Римдин ичинде жайгашкан. Ал Рим-католик чиркөөсүнүн жогорку резиденциясы болуп саналат. Ватиканда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги кардиналдардын кеңеши тарабынан шайланган Рим папасына таандык. Ватикан коммерциялык эмес экономикага ээ.
Ватикандын бюджети 310 миллион долларды түзөт. Ватиканда аэропорттор жокко эсе, бирок тик учак аянты бар. Мындан сырткары темир жол бар. Ал Италиянын темир жолдору менен байланыштырат.