Бүгүн, 14-августтан 15-августка караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын кезектеги чейрек финалдык беттештери орун алат. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар мурдагыдай конокто жана үйдө эмес, бир эле өлкөдө, тагыраагы Португалияда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча 01:00дө башталат.
Бүгүн дүйнөгө белгилүү эки команда, тагыраагы Испаниянын "Барселона" клубу менен Германиянын "Бавария" клубу кез келет.
"Барселона" клубу Испания Чемпиондугунда жана Испания Кубогунда чемпион боло албай калды. Мындан улам алар үчүн акыркы үмүт Чемпиондор Лигасы экени футбол сүйүүчүлөрүнө белгилүү. Алар болгон күчүн бүгүнкү оюнга салышат. Испаниялык клуб бүгүн Лионель Мессиге үмүт артат. Эки команда тең турнирдин жарым финалына өтүш үчүн бирдей мүмкүнчүлүккө ээ.
Башкы машыктыруучу Ханс-Дитер Фликтин жетекчилиги астында "Бавария" клубу таң калтырууну улантууда. Германиялык команданын бардык турнирлердеги акыркы жеңилүү ызасын тартканы 2019-жылдын 7-декабрына туура келет деп айтуу жетиштүү. Көпкө узабай эле акыркы оюнун алсак. Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында лондондук "Челси" клубун конокто 0:3, өз үйүндө 4:1 эсебинде талкалап (жалпы эсеп 7:1), Фрэнк Лэмпарддын керемет жасоого болгон үмүтүн бир заматта жок кылган.
"Барселона" (Испания) - "Бавария" (Германия) "Эштадиу да Луш" стадиону (Лиссабон шаары, Португалия).
Башкы калыс: Дамир Скомина (Словения).
Коронавирус пандемиясынан улам оюн көрүүчүлөрсүз өтөт.