Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев каза болду. Бул тууралуу казакстандык маалымат булактары жазып жатышат.
Алдын ала маалыматтар боюнча анын жүрөгү токтоп калган. Учурда өлүмдүн себеби иликтенүүдө.
Айсултан Назарбаев 30 жашта болчу, ал 1990-жылы 26-августта туулган.
Айсултан Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин экинчи уулу.