Бүгүн, 17-августтан тарта Казакстанда карантиндик чектөөлөрүн акырындык менен жумшартат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, борбор калаа Нур-Султанда бир катар мекемелер иштей баштайт.
Маалыматка караганда, бүгүндөн баштап калкты тейлөө борборлору, дүкөндөр, тамактануу жайлары, финансылык мекемелер иштей баштайт.
Бирок бардык жарандар бет кап кийүү, аралыкты сактоо, антисептикалык каражаттарды пайдалануу менен бирге санитардык эрежелерди кармоого милдеттүү.
Ал эми иштөөсүнө тыюу салынган тармактардын катарын мурдагыдай эле массалык эс алуу жайлары, мончо, түнкү клубдар жана башкалар түзөт. Ошондой эле той-топурга дагы уруксат берилбейт.
Казакстанга кирүү учурунда Кытай, Түштүк Корея, Япония, Грузия, Тайланд, Венгрия, Индия, Германия, Чехия, Малайзия, Бириккен Араб Эмирлиги, Беларусь, Түркия, Египет, Украина, Нидерланды жана Орусиядан келе жаткан жүргүнчүлөр ПЦР-тесттин жыйынтыгы боюнча маалым кат көрсөтүшпөйт. Алардын дене табы өлчөнүп, анкета гана толтурулат.
Ошондой эле Казакстан келерки аптадан тартып Бириккен Араб Эмирлиги, Беларусь, Германия, Нидерланды, Египет, Украина жана Орусия менен эл аралык каттамдарды калыбына келтирүүнү пландоодо.Түркия Казакстан менен аба каттамдарын 1-сентябрдан тартып калыбына келтирүүнү пландоодо.
Эскерте кетсек, Казакстанда 5-июлдан тарта катаал карантиндик чектөөлөр коюлган. Өлкөдө март айынан бери 102 миң 696 кишинин коронавирус жуктурганы лабораториялык түрдө тастыкталган. 15-августка карата 18 миң 465 адам вирустук пневмонияга кабылганы аныкталган.