Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум онлайн өтүп жатканына айыпталуучулар нааразы

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум онлайн форматта мыйзам бузуу менен жүрүп жатат. Мындай пикирин КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Кой-Таштагы окуя боюнча соттук отурум онлайн форматта мыйзам бузуу менен жүрүп жатат. Айыпталуучулар жана коргоочулар муну бир нече жолу билдиришкен, бирок майнап чыккан жок. Бүгүн, 17-августта соттук отурумда соттолуучулар нааразычылык билдирип, жыйындар бөлмөсү катары жабдылган СИЗО-1деги кеңседен кетүү ниетин билдиришти", - деп жазган Кундуз Жолдубаева.

Ошондой эле Кундуз Жолдубаева экс-депутат Равшан Жээнбековдун сөзүн дагы өз баракчасына жарыялады: "Жазык-процесстик кодексинин 47-беренесине ылайык, айыпталуучу өзүнүн жактоочусу менен жекеме-жеке жана тоскоолдуксуз убакыттын узактыгын жана санын чектебестен эркин сүйлөшүүгө укуктуу. Соттор жана прокурорлор бул мыйзам боюнча иш алып барышпайт. Бул мыйзам бузуу. Биз укугубузду коргоп, БУУга чейин жетебиз", - деп билдирген Жээнбеков.

Ал эми бул тууралуу мурунку президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов буларга токтолгон: "Соттор соттолуучулардын жактоочусу менен түздөн-түз соттук териштирүү маалында сүйлөшүүсүн камсыз кылууга тийиш. Мындай болбойт ", - деп билдирген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан