Бүгүн, 18-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 21 миллион 809 миң 170 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 13 миллион 800 миң 580 бейтап айыгып чыкса, 772 миң 782 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 436 миң 539 адамдан коронавирус аныкталды.170 миң 491 адам каза болсо, 1 миллион 865 миң 580 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 3 миллион 359 миң 570 адамдан аныкталды. 108 миң 536 адам каза болсо, 2 миллион 699 миң 80 бейтап айыкты.
Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 2 миллион 647 миң 633 адам вируска кабылган. 50 миң 921 бейтап көз жумса, 1 миллион 919 миң 842 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.