Өзгөчө абал убагында журналисттердин көчөгө чыгып иштешине уруксат берүү боюнча ЖМКлардын кайрылуусуна өкмөт жооп бере элек.
SUPER.KG порталы өкмөттүн басма сөз кызматынын өкүлдөрүнө кайрылуунун жообун сурап кайрылды, бирок жооп болгон жок.
Кечээ, 9-апрелде "Супер-Инфо" гезити, SUPER.KG порталы жана SUPER TV каналынын редакциялары расмий кайрылууларын COVID-19 вирусунун өлкөгө кирүү жана таралуу коркунучунун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиевге жана Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевге жолдогон. Дагы бир топ маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кайрылуу жасашкан.