"Мен негизи "боевая" элемин". Көлдө скутерге түшүп, эс алуучулардын оозун ачырган 68 жаштагы Болду апа (маек)

Баарыбыз аптаптуу жай мезгилинде кереметтүү Ысык-Көлгө шашабыз. Албетте эс алганы келгендер сууга түшүү менен гана чектелбейт. Каалоочулар үчүн скутер, суудагы "банан" аттракциону, кемеге түшүү сыяктуу кызматтар даяр. Булардын арасынан скутер менен бананга көбүнесе жаштар түшүп, көңүл ачат. Көл жээгине үй-бүлөсү менен келген 68 жаштагы Болду апа скутерге түшүп, балдарын гана эмес, ал жактагы башка эс алуучуларды дагы таң калтырды. SUPER.KG порталы экстремалдуу деп эсептелген скутерге түшүүдөн коркпогон апаны кыскача маекке тартты.

- Саламатсызбы! Апа өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз.

Мен Тойчугулова Болду Довлеткелдиевна, Жумгал районунун Миң-Куш айылынан болом. Учурда Сокулукта турам.

- Жашыңыз канчада?

1952-жылы туулгам. Ошондо 68 жашка чыктым.

- Чындыгында бул жактагылар сизди скутерге түшөт деп күткөн эмес окшойт. Дегеним эс алуучулар сиз кеткенден, келгенге чейин карап турушту.

Ооба, ал гана эмес балдарым дагы акырына чейин ишенген жок. Скутерге түшүп эс алып келбейсизби дешкенинен барып, коштоочу менен өзүм эле сүйлөшүп туруп, дароо түшүп кетип калдым. Кудайга шүгүр эч нерсе болгон жокмун.

- Коркуу сезими болгон жокпу?

Жок, тескеринче бир гана жакшы, жагымдуу сезим, эсте каларлык таасир калтырды. Убагында балбан болгом. Андыктан орустар айтмакчы "боевая" элемин (ред. күлүп). Жаш кезимди эстедим десем болот.

- Келиниңиз сизди баатыр эне деп калды. Канча баланы өстүрүп, чоңойттуңуз?

- 5 кыз, 2 уулдун энеси болгом. Бир чүрпө уулум, кичинекей чагында эле чарчап калган.

- Быйыл элибиз башынан оор сыноолорду өткөрүп жатат. Ошого карата элге кайрылууңуз, батаңыз.

Кыргыз элимди алааматтан сактасын! Бөөдө-кырсыктан тыш болуп, ушул эпидемиядан чыгып кетели. Жалпы элге, бала-бакырага ден соолук берсин!

- Апа, маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым ушундай тайманбаган мүнөзүңүздөн жазбай, балдарыңыздын төрүндө бар болуңуз!

18.08.20. Күн ичиндеги маанилүү кабарлар топтому
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aimani
2020-08-18 13:21:33
Балбан апабызга ден соолук, узун өмүр. Азаматсыз. Сүрөтүн көрүп озу айдап кеткен экен скутерди дегем.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан