Бүгүн, 18-августтан 19-августка караган түнү ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык беттеши орун алат. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар мурдагыдай конокто жана үйдө эмес, бир эле өлкөдө, тагыраагы Португалияда өтүүдө. Оюн Бишкек убактысы боюнча 01:00дө башталат.
"Лейпциг" (Германия) - "ПСЖ" (Франция), "Эштадиу да Луш" стадиону (Лиссабон шаары, Португалия).
Башкы калыс: Бьорн Кёйперс (Нидерланды).
Коронавирус пандемиясынан улам оюн көрүүчүлөрсүз өтөт.