Ошто жолдорду жууп, тазалай турган атайын техникалар пайдаланууга берилди

Бүгүн, 18-августта Ош шаарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынып келинген 4 атайын жолдорду шыпырып, жууй турган техникаларды тапшыруу аземи болду. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, тиешелүү ишканалардын жетекчилери, "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, шаар мэри унаалардын ачкычтарын "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын айдоочуларына тапшыруу менен, жаңы техникаларды өзү айдап, сындан өткөрдү.
“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой таштандыларды чыгаруучу техникалардын паркы бир топ жаңыланды. Шаарыбыздын көчөлөрүн тазалоону колго алуу үчүн Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун алкагында жергиликтүү бюджеттин эсебинен дагы 4 атайын жолдорду бир эле мезгилде өзү шыпырып, жууп кете турган техникаларды алып келдик. Бул техникалардын жолдорду шыпырып-жуугандан тышкары кыш мезгилинде жолдордогу карды күрөп, кум-туз чача турган дагы өзгөчөлүктөрү бар. Бүгүнкү күндө «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын керектөөчүлөрдүн муктаждыгын толук кандуу камсыз кылуу үчүн атайын техникалардын саны жетишсиз. Андыктан булардын техникалык базасын толуктоо жана жаңылоо мезгилдин талабы.
Ал эми, «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине кайрылып кетет элем, ушул техникаларды максаттуу пайдаланып, техникалык тейлөөнү өз убагында жүргүзүп, шаарыбыздын эли үчүн талыкпай эмгектенип бересиздер деп ишенем”, - деди шаар мэри.
Белгилей кетсек, учурда “Ош шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын башкарууну жакшыртуу” боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун негизинде жумуштар жүргүзүлүп жатат. Долбоордун жалпы баасы 10 миллион еврону түзүп, анын 50 пайызы банк тарабынан кредит катары, ал эми 50 пайызы грант катары Европа биримдиги тарабынан берилет. Бүгүнкү күнгө чейин долбоордун алкагында сыйымдуулугу 8 метр куб болгон 32 даана контейнер алынып пайдаланууда. Андан тышкары сыйымдуулугу 1.1 метр куб болгон 1 миң 136 даана контейнерлерди сатып алуу үчүн тендер өткөрүлүп, учурда 380 даанадан турган биринчи партиясы алынып келип шаардын аймагына коюлду.
Долбоордун алкагында дагы бир компонент-таштандыларды ташуучу 12 даана атайын автоунаалар алынып келинген. Жакында дагы сыйымдуулугу 16 метр куб болгон 12 даана атайын автоунааларды сатып алуу үчүн тендер өткөрүлөт.
Ошондой эле, бул долбоордун алкагында жаңы санитардык полигонду куруу, шаардын аймагында контейнерлер жайгашкан жерлерди жана ишкананын гаражын оңдоо пландаштырылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Abdizhapar
2020-08-18 16:54:01
Орустардын техникасынан башка техника алса болбойт бекен
0
Kulatov
2020-08-18 19:27:39
Abdizhapar,өзбүз кылбайбыз, кылганды көрө албайбыз дегендей өзүн кылбагандан кийин отура бер да унчукпай аракет кылып иштеп аткандын жөн койбойсунар.ошол үчүн да өнүкпөй жатабыз адамдын пейилиге жараша болот баары жок
0
Nur777
2020-08-18 20:55:50
Башка региондорго качан берилет?!...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан