Индонезиядагы мусулмандар “Дүйнө сулуусу-2013” сынагын токтотууну талап кылышууда

Индонезияда 4-28-сентябрь күндөрү өтүүчү “Дүйнө сулуусу-2013” сынагын токтотууну талап кылышып жергиликтүү мусулмандар нааразычылык акцияларын өткөрүшүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жарыялады. Алар “Дүйнө сулуусу сынагы токтотулсун!”, “Дүйнө сулуусу, тозокко кет!” деген ураандар менен топтолушууда. Алар бул сынак мусулманчылыкка туура келбей турганын айтып жатышат. Буга байланыштуу Индонезияда 18-сентябрда мусулман айымдары арасында “Дүйнө сулуусу” деген сынак башталганы турат. Сынак мусулман айымдар арасында куран окуу боюнча өтөт. Бул сынакты уюштуруучулардын бири Эка Шанти: “Бул бизден “Дүйнө сулуусу-2013” сынагына карата жооп. Муну менен биз балдарыбызга сулуу болуш үчүн жылаңачтануунун кереги жок экенин көрсөтөбүз”,- дейт Шанти. Ошондой эле “Дүйнө сулуусу-2013” сынагында “Өзбекстан сулуусу” деп катышып жаткан Рахима Ганиева эч кандай ички сынактарда жеңбегени жана Өзбекстанда сулуулар сынагы уюштурулбаганы, катышуучу жөн гана өзүн “Өзбекстан сулуусу” деп атап алганы айтылууда. Эске салсак, бул сынакта Кыргызстандан Жибек Нукеева катышууда. Сынактын жыйынтыгы 28-сентябрда чыгарылат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ERMAC
2013-09-16 17:49:32
ne kylaly.bawka aila jok. kaapyrlarga koison bir ubakyt kelip jylana4 kylyp chygarat suluu kyzdardy. musulmandar alsyz bolgonduktan kaapyrlar duynodo kaalaganyn kylyp juruudo. airyk4a erveiler!
+1
kanybek_kg
2013-09-16 19:05:41
Жакшы болуптур менда кошулам сулулук эч нерсени чечпейт жарым жаланач чыгып алышып оздорун мактаган акмактар
+3
doni89
2013-09-16 20:58:35
Мынаке кызык баарынанда Өзбекстандын сулуусу таң калдырып жатат хэхэхэээ.)))
+4
angel_1508
2013-09-16 21:35:52
ehh uwul kereksiz ele nerseler adamdar emne ele bolup baratabyz ya
+1
uvay
2013-09-16 22:07:42
Эн туура.Алла ыраазы болсун!
+1
beko-
2013-09-16 22:55:58
бизда добушубузду берсек болобу? кантип?
0
admin_superstan
2013-09-17 10:16:24
beko-, Саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүп, маалымат ала аласыз:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=70919&view=findpost&p=1221443
0
kanybek_kg
2013-09-17 00:25:53
Аны токтото албайттар акча керек келечен мун керек эмес акча учун баарын саттын абир уят калбады
0
admin_superstan
2013-09-17 10:14:48
nurel50, uluk1982, провокацияга жол берилбейт.
Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү.
0
zamir_kgz
2013-09-17 21:23:38
Аларды байлар сатып алышса керек, бизнестин бир туру.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан