Интернетте үлпөт тойдо "Нурик, родной бактылуу бол" деп айтып, асманды карай тапанча менен ок аткан баланын видеосу тарады. Социалдык тармактын колдонуучулары окуя Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда болгонун жазышууда.
Ал эми SUPER.KG порталына Ош ОИИБи учурда ок аткан жаран изделип жатканын билдирди.
"Өзгөндө айылдар көп, мындан улам, азыр ар бир айылда милиция кызматерлери видеодогу баланы издеп жатышат. Табылса эле маалымат берилет", - деди басма сөз кызматынан.