КРнын Эл артисти Саламат Садыкова “Махабат аралы” аттуу жаңы ыр жаздырды. Сөзү Акбар Рыскуловго, обону Сардарбек Жумалиевге таандык ыр сүйүү тууралуу экендигин ырчы билдирди. “Бул ырды Сардарбек Жумалиевич жайкы эс алуу учурундагы чыгармачылык кечесинде тартуу кылган. Сүйүү тууралуу мааниси терең ыр экен. Акынды да, композиторду да абдан сыйлайм. Өз көңүлүмө жагып калган чыгарманы шөкөттөп ырдап чыктым”,- деди ырчы айым. Ошондой эле жакынкы убакта жаңы клип тартылары да белгилүү болду.