КРнын Эл артисти Саламат Садыкова Кет Буканын “Сак болгун!” аттуу ырын ырдап чыкты. 13-кылымдан бери келе жаткан бул чыгармага Эсенгул Жумабаев обон жазган. “Бул тема учурда актуалдуу. Элди алдыга жетелеген ыр. Саясий айдыңда ынтымак ыдырап бара жаткандай, ошондуктан чыгармачыл адам болгон соң, элге таалим-тарбия берүүчү ырды ырдап чыгууну көздөдүм. Ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан сөздүн терең маанисин кыргыз элиме жеткиргим келди”,- дейт ырчы.