Беларусь өкмөтү кайра дайындалды

Александр Лукашенконун 19-августтагы жарлыгына ылайык, Беларусь өкмөтү кайра дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, бардык министрлер, анын ичинде күч кызматтарынын жетекчилери да өз ордуларында калышты. Өкмөт башчы болуп Роман Головченко кайра дайындалды. Тышкы иштер министри Владимир Макей, ички иштер министри Юрий Караев ордунда калды.

Ал эми учурда Беларусь өлкөсүндө президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык акцияларынын бүгүн, 11-күнү болуп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин батыш өлкөлөрү Евробиримдик Беларусь бийлиги тарабынан демонстранттардын кууп таркатылышын жана аларга күч колдонулуусун сынга алышкан.

9-августтан бери уланып жаткан массалык акцияларда жүздөгөн киши жаракат алып, жети миңдей адам кармалды. Үч киши набыт болгону расмий кабарланды.

Эскерте кетсек, 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Беларусь өлкөсүн 1994-жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко добуштардын 80 пайызын алган. Бирок жарандык коом "шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган" деп эсептеп, нааразы болуп чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан