Бүгүн, 20-августта Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель Беларусь өлкөсүндөгү кырдаалды жана Европа Бирлигинин бул жааттагы иш-аракеттерин талкуулашат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Франциядагы Жер ортолук деңиздин жээгиндеги президенттик резиденцияда өтөт. Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары Беларусь өлкөсүндөгү президенттик шайлоодон кийин башталган массалык нааразычылык акцияларынын позицияларын салыштырып көрүшөт.
Буга чейин Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко Владимир Путинден Германиянын канцлери Ангела Меркелге Беларусь өлкөсүнүн ички ишине кийлигишпөөсүн айтып коюуну өтүнгөн.