Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 4 миң 785 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 110 адам каза болсо, 6 миң 90 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 688 (айыккандар 1208);
Санкт-Петербург шаарында - 160 (айыккандар 83);
Москва облусунда - 157 (айыккандар 140);
Свердлов облусунда - 139 (айыккандар 68) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 942 миң 106 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 16 миң 99у каза болсо, 755 миң 513ү айыгып чыкты.