Ысык-Көлдө өзгөчө кырдаал киргенден бери миңден ашык айдоочу эреже бузса, 50дөн ашык адам мас абалда унаа башкарган

Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери коронавирус илдетинин кайрадан пайда болушуна жол бербөө, алдын алуу максатында өзгөчө кырдаал тартиби киргизилген.

Балыкчы шаарында “Ак-Кеме” жана Тоң районунун аймагында “Кызыл-Омпол” 2 санитардык-карантиндик посттордо жана башка облус аймактарында 12 фильтрациялык посттордо 1-2-нөөмөттө күнү-түнү дебей, жалпысынан 33 кызматкер кызмат өтөөдө.

Өзгөчө кырдаал киргенден бери Ысык-Көл облусунун аймагында жалпысынан облустук жол көзөмөлчүлөрү тарабынан ар кандай жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган 1 миң 174 айдоочуга карата бузуулар тууралуу протоколдор түзүлгөн. Алардын ичинде 50дөн ашыгы унааны алкоголдук ичимдик ичип алып башкаргандар. Бардык жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде чара көрүлүүдө. Облус аймагында жол кырсыктарынын саны үч эсеге кыскарган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан