Мексика Орусиянын COVID-19га каршы вакцинасынан 2 миң доза алат

Мексика орусиялык COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасынан 2 миң доза алат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Мексика Орусиядан COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын 3-клиникалык сыноо өткөрүү максатында сатып алат. Ал эми сыноо иштери сентябрь айында башталат.

"Биз Орусия менен бир канча убакыт сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Мексика минималдуу 2 миң доза вакцина алып, аны сынап көрүүнү чечти. Бул абдан жакшы жаңылык", - деген Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард.

17-августта Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор орусиялык вакцинанын натыйжалуулугу далилденсе, аны өлкөгө алып келүүгө даяр экендигин билдирген.

Орусия 11-августта коронавируска каршы вакцинаны дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп каттоодон өткөргөн. Ага "Спутник V" деген аталыш берилген. Препарат Н.Ф.Гамалеи атындагы Улуттук эпидемиологиялык жана микробиология изилдөө борборунда иштелип чыккан.

Буга чейин Мексика орусиялык вакцинанын сыноо иштерине катышууга кызыктар экендигин билдиришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан