Өкмөт кычкылтек концентраторлорун жана пульсоксиметрлерди сатып алуу үчүн 50 миллион сом бөлдү

Кыргыз өкмөтү кычкылтек концентраторлорун жана пульсоксиметрлерди сатып алуу үчүн 50 миллион сом бөлдү. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда тиешелүү чечимге өкмөт башчы Кубатбек Боронов кол койгону айтылат.

"Бул чечим өлкө аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында кабыл алынды.

Чечимге ылайык, 50 миллион сом Кытай Эл Республикасынан кычкылтек концентраторлорун жана пульсоксиметрлерди сатып алуу жана аларды Кыргыз өлкөсүнө жеткирүү үчүн бөлүндү", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tular
2020-07-03 17:48:55
Эми араң бөлүндүбү? Элдер кулай баштаганда? Жок дегенде бир ай мурда ойлонсоңор болбойт беле?!
Айланайындар ушул Кытайга жолобой эле койгулачы! Эми аларың эптеген бир оокатты береда, эртеси иштебей калбайбы? Жана дагы вирусу жок экенин аныктагыла! Приборлор менен вирус кошо келбесин...
0
Mamiev
2020-07-03 18:54:41
Канча деген акча чогулду канчалаган акча болунду мамлекетке миллиондоп доллар болунгонун жазып жаттынар эмнеге ошондо алып койбойсунар жегичтер
+2
Baatirbek81
2020-07-03 22:16:15
Mamiev,депутаттардын айлыгын отпускнойун берип каникулга жөнөтүш керек болчуда
0
Atas
2020-07-03 19:45:39
Эмнеге кытаёзко жабышасыңар клейдей болуп россиядан деле алсаңар болот да
+1
zuxrab777
2020-07-03 20:47:16
Россейге караганда Кытайдан арзан алышат да илгерки 600 долларлык кычкач сыяктуу, ошонусуна карады го балким Өкмөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан