"Абдан белгилүү адам". Актёр Ефремовдун жактоочусу кырсыкка кабылган учурда унааны ким башкарып жүргөнүн билерин айтты

Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде мас абалда унаа башкарып, жол кырсыгына кабылган орусиялык актёр Михаил Ефремовдун унаасын абдан белгилүү бир адам башкарып бара жаткан. Бул тууралуу актёрдун жактоочусу Эльман Пашаев орусиялык басылмаларга билдирген.

"Бул адам аныкталды. Ал абдан белгилүү, жөнөкөй эмес адам. Кийинчерээк бардыгын билесиздер", - деген Пашаев.

Ошол эле учурда, кырсыктын күбөсү катары суралган Александр Кобец аттуу жаран кырсык болгон учурда Ефремов унаанын жүргүнчү отурган орундугунда болгонун, унааны чачы кара жана кыска болгон адам (Ефремовдун чачы узун жана ак) башкарып бара жатканын айткан.

Буга чейин Ефремовдун унаасынан белгисиз адамдын издери табылгандыгы кабарланган.

8-июнда Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде актёр Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан кичи жүк ташуучу Lada унаасы менен сүзүшкөн. Lada унаасынын айдоочусу ооруканадан каза болгондугу кабарланган. Кийинчерээк ал күнөөсүн моюнуна алганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2020-08-21 11:10:23
Кутулат экен да ушинтип.
0
Begimkyz
2020-08-21 11:13:22
Уяты жок киши экен ээ, белгилуу болбой койсун. Кылган күнөөсүн эркектик кылып мойнуна алгандын ордуна, ар турдуу версияны чыгарып атат. Бул жактан качкан менен, тиги жактан кача албайт сурактан!
+2
ilgizk
2020-08-21 16:47:33
Абдан белгилүү адам болсо анын жанында бул Ефремов чепуха го ошон үчүн мойнуна алдыда...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан