"Теңирден тескери". Японияда кызматкер жогорку билими бар болгону үчүн жумуштан айдалды

Япониянын Кобе шаарында жогорку билими бар болгону үчүн кызмат адамы жумуштан айдалды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 48 жаштагы кызматкер гидротехникалык курулуштардын муниципалдык бюросунда 1996-жылдан бери эмгектенип келген. Көйгөй вакансия - орто мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн болгон, ал эми кызматкер жогорку билим тууралуу маалыматты айткан эмес.

Кызматка дайындалып жатып ал жогорку билими бар экендигин жашырган. Чындык март айында бийликтин анонимдүү билдирүүсүнөн кийин гана ачыкталган.

Анын айтымына караганда, ал арыз берип жатып, кызмат алуу үчүн жогорку билими бар болгону ага көйгөй жаратарын билген эмес.

Буга чейин, тактап айтканда 2006-жылы Кобе шаарында билими тууралуу жасалма документтердин айынан массалык иштен бошотуу катталган. Бул учурда ал абалын түшүндүрүп, жогорку билими жок экендигин тастыктаган.

Изилдөө иштеринин жыйынтыгында ал жумуштан айдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
AdylbekB84
2020-08-21 12:52:47
Закон деген ушундай болсо, демек билими барына деле билими жогуна деле иш таап беришет экенда ушул жол менен!
+3
botosh
2020-08-21 12:58:33
вакансия
0
aizada2020
2020-08-21 13:27:31
botosh, вакансиА болот!
-1
Asanali
2020-08-21 13:32:42
aizada2020,коридордо окуган эмес белен, кандайча вакансиА болот эле. ВАКАНСИЯ эле болот.
+1
Agayu
2020-08-21 13:39:51
Япония по большому счету другая планета.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан