Ким Чен Ын бийлигинин айрым бөлүктөрүн карындашына өткөрүп берүүдө

Корея Элдик Демократиялык Республикасынын башчысы Ким Чен Ын өзүнүн карындашы Ким Ё Чжонды республиканын жетекчилигиндеги экинчи адам кылып дайындады. Ошондой эле айрым ыйгарым укуктарынын бир катар бөлүктөрүн өткөрүп берди. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Улуттук чалгындоо агенттигинин билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын карындашына Түштүк Корея жана АКШ менен мамиле маселесин өткөрүп берген. Мындан тышкары расмий Пхеньяндын айрым аткаминерлери да Ким Чен Ындын кээ бир милдеттерин алган.

"Төрага Ким Чен Ын дагы деле өзүнүн бийлигин сактап кала берет, бирок анын айрымдары акырындык менен өткөрүп берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек Ким Ё Чжон Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын үгүт жана пропаганда бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан