Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун чабуулчусу Карим Бензема өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына машыгуу өтүп жаткан учурундагы видео менен бөлүшкөн.
Футболчунун катталуучулары машыгуудагы топ "Ювентус" футболдук клубунун расмий тобу экенин байкашкан. Бир нече күн мурун, Криштиану Роналду Карим Бенземаны "Ювентус" клубуна чакыргандыгы белгилүү болду.
Карим Бензема "Реал Мадрид" клубунда 2009-жылдан бери ойноп келет. Бул жылдар аралыгында клуб менен чогуу футболчу жалпы 19 кубок уткан.