Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус дүйнөдө коронавирус пандемиясы эки жылга жетпеген убакытта жок болуп кетиши мүмкүн экендигин айткандыгын, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, уюмдун башчысы 1918-жылы испан тумоосу эпидемиясы эки жылга созулганын эскерди. Ал эми, COVID-19 жөнүндө айта турган болсок, ал азыр дүйнө жүзүндөгү байланыштардын саны көбөйгөндүктөн, вирустун жайылуу мүмкүнчүлүгү 100 жыл мурдагыга караганда жогору экендигин билдирген. Ошол эле учурда, Гебреисус азыркы учурда дүйнөдө инфекцияны токтото турган технология жана билим бар экендигин айткан.
"Ошондуктан, бул пандемияны эки жылга жетпеген убакытта жок кылабыз деп үмүттөнөбүз", - деген Гебреисус.
Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясы 22 миллион 949 миң 234 адамдан аныкталды.