Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 26 жаштагы кыз бир аптадан бери табылбай жатат

Чүй облусунундагы Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 26 жаштагы кызды издөө иштери бир аптадан бери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"15-август күнү "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы төрөлгөн О. аттуу кыз түшүп кеткен. Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында саат 07:00дө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 33 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан