Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттеринин айтымында 12 жаштан жогору балдар коронавирус инфекциясын алдын-алуу үчүн чоң кишилер сыяктуу медициналык беткап кийиши керек. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фондунун биргелешкен документинде сунуш кылынгандай, 12 жана андан жогорку жаштагы балдар социалдык аралыкка кепилдик берилбесе, беткап тагынышы керек. 12 жаштан жогору балдар кичине балдарга караганда коронавирустун жайылышында чоңураак роль ойношу мүмкүн.
Ал эми, 6 жаштан 11 жашка чейинки балдар үчүн беткап тагынуу чөйрөсүнө жараша, анын ичинде коронавирустун жугушунун ылдамдыгына жана башка адамдар менен болгон мамилелерге жараша өзгөрөт.
Ошол эле учурда, уюм беш жашка чейинки балдарга беткап кийүүнүн кажети жок экендигин билдирген.