"Ак илбирс" улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу уюштуруу комитетинен кабарлашты.
"Сыйлык тапшыруу аземи 25-апрелге белгиленген. Бирок пандемиядан улам ал жылдырылды, качан өтөрү кийинчерээк айтылат. Ал эми даярдык иштери план боюнча жүрүп жатат", - деп жазылган маалыматта.
"Ак илбирс" киносыйлыгы менен бир жыл ичинде кино жаатында эң мыкты эмгектерди жаратып, улуттук жана дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн өз ишинин мыкты адистери сыйланат.