Чемпиондор Лигасынын финалынан кийин Париж шаарында коменданттык саат киргизилет

Чемпиондор Лигасынын финалынан кийин "ПСЖ" футболдук клубунун күйөрмандары 2 гана саат көчөдө жүрө алышат жана калган убакытта Париж шаарына коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, финалдан кийин Париж шаарынын көчөлөрүндө 3 миңден ашуун полиция кызматкери жана 300дөн ашык өрт өчүрүүчүлөр жайгашат. Чогулуп алып футбол көргөндөр сөзсүз түрдө бет кап тагынышы керек. Эрежени бузгандарга айып пул салынат.

Бүгүн түндө Европадагы беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын финалдык оюну болот. Оюн Бишкек убактысы боюнча 01:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bek0718
2020-08-23 11:12:07
Мага баари бир
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан