Ырчы Дайыр Исмадияров “Ананай” аттуу ырына клип тарттырды. Аткаруучу өзү билдиргендей, клиптин режиссёру Нурсултан Кубатов. “Бул жигит менен жаңыдан иштешип баштадым. Бардык жерин мен ойлогондой кылып тартып берди. Ал эми сценарийди болсо өзүм жазгам. Элге жагымдуу маанай тартуулоочу клип жараткым келген. Анда каарман кыздар ырымды угуп жатышып башка бир дүйнөгө сүңгүп кирип кетишет”,- деди Дайыр. Ошондой эле клип 2 жумада даяр болгону, ага тартылган кыздар бийчилер экендиги белгилүү болду.