Бүгүн, 24-август күнү түндө Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын финалдык оюну өттү.
Финалда Франциянын "ПСЖ" командасы менен Германиянын "Бавария" командасы кез келди. Оюндун биринчи бөлүгүндө "ПСЖ" каршылашынын дарбазасына бир нече кооптуу соккуларды узатты. Эки команда тең бирдей ыргакта оюн алып барганы менен биринчи бөлүктө эсеп санын ача алышкан жок.
Оюндун экинчи бөлүгү кайрадан эле кооптуу чабуулдар менен башталды. Эки команданын дарбазачылары мыкты оюн көргөзүп жатышты. "Бавария" арты-артынан чабуул уюштуруп, жыйынтыгында оюндун 59-мүнөтүндө эсеп санын ачышты. Калган мүнөттөрдө "ПСЖ" канчалык аракет кылбасын эсеп санын теңей алышкан жок.
Жыйынтыгында "Бавария" Чемпиондор Лигасынын 2019/2020-жылдагы чемпиону аталып, бул турнирди алтынчы жолу жеңип алды.
"ПСЖ" - "Бавария" (0:1);
Голдор: Кингсли Коман (59-мүнөттө).
Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Бавария" командасынын оюнчусу Кингсли Коман табылды.