Кой-Таш окуясы боюнча сот айыпталуучулардын алып келинбегенине байланыштуу жылдырылды

Бүгүн, 24-августта Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланды. Сотто Эмилбек Каипов судьялык кылып, отурумга бир нече жактоочулар катышты. Жактоочу Бакыт Автандил уулунун айтымында, айыпталуучулар бүгүнкү соттук отурумга алып келиниши керек болчу. Айыпталуучулар сотко алып келинбегенине байланыштуу сот 26-августка жылдырылды.

"Сотко айыпталуучулардын алып келинбегени мыйзамды одоно бузгандык", - деп билдирди ал соттук отурум боюнча комментарий берип жатып.

Иш боюнча айыпталуучулардын тизмеси:

1. Алмазбек Атамбаев;

2. Фарид Ниязов;

3. Равшан Жээнбеков;

4. Ирина Карамушкина;

5. Асел Кодуранова;

6. Кундуз Жолдубаева;

7. Канат Сагымбаев;

8. Мээрбек Мискенбаев;

9. Фархат Баабиев;

10. Канат Осмоналиев;

11. Рыспек Карыпбек уулу;

12. Марат Шаменов;

13. Нооруз Капарбек уулу;

14. Асангелди Какебаев.

Маалым болгондой, тергөө менен кызматташууга баргандар үчүн өзүнчө өндүрүш иши бөлүнгөн.

Кой-Таш окуясы боюнча соттук иш: Айыпталуучулардын сотко алып келинбегенине байланыштуу отурум жылдырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан